Тазабек Икрамовду аэропорттон кантип тосуп алышты (Видео)

Грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль алган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду «Манас» аба майданынан тосуп алышты.

Эл өкүлү бүгүн, 11-октябрда, эртең менен учуп келген. Икрамовду тосуу үчүн аэропортко анын жакын туугандары, дос-тааныштары барган. Бул видеону Facebook тармагына Нурсултан Замирбеков аттуу колдонуучу жарыялаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышкан. Ал 70 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты