​“Үмүт” эл аралык кино форуму Сүймөнкул Чокморовго арналат

  • 5 лет мурун

Кыргызстанда 6-8- ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн жаштары катышкан эл аралык VII “Үмүт” кино форуму өтөт. Бул жылы кино форум СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүн 80 жылдыгына арналат.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаш киночулардын “Үмүт” кино форуму ар жылы жаңы режиссёр ысымдарды, КМШ өлкөлөр арасындагы кино жана маданият тармагындагы диалог аркылуу таланттуу жаштарды колдоп, аларга шарт түзүүгө жана жаш муундарды маданий аралык алака аркылуу бириктирүү багыт алат.

Форумдун программасында кыска метраждуу жана даректүү фильмдер, талкуулар, мастер- класстар жана белгилүү кинорежиссёрлор жана сынчылар менен жолугушуулар бар.

Салт катары, улуттук сыйлыктын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн, калыстар тобуна мүчөлүккө чет элдик белгилүү кинематографисттер да чакырылган.

Аталган форум мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги, кинематография департаменти жана коомдук кино уюмдар тарабынан өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты