«Эйр Манастын» каттамдары бүгүн да иштебейт

  • 5 лет мурун

“Эйр Манас” компаниясынын каттамдары бүгүн, 11-октябрда да токтотулат.

Бул тууралуу жарандык авиация агенттиги 10-октябрда билдирген.

Агенттиктин айтымында, каттамдардын токтотулушуна техникалык себептер таасир берүүдө. Pegasus кампасында алмаштырчу тетик болбогондуктан, ал АКШдан “Боинг” заводунан алынып келингиче жана учакты оңдогуча бир канча күн өтөт. Ошондуктан 11-октябрда, “Эйр Манас” компаниясынын Бишкек-Ош-Бишкек үч каттамы токтотулат.

10-октябрда жана 9-октябрда да «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдар техникалык себептерден улам учуу убактысы жылдырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты