Батукаевдин иши боюнча сот башталат

  • 5 лет мурун

Бүгүн 11-октябрда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда айтылуу криминал төбөлү Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна байланыштуу алгачкы сот отуруму өтөт.

Баш прокуратуранын билдирүүсү боюнча, ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди шектүү деп тапкан.

ИИМ жиберген материалдар боюнча 2-октябрда Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Калыбек Качкыналиев жана Абдухалим Раимжановго айып коюу актысы берилген.

Азиз Батукаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен оор кылмыштар боюнча 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2013-жылы рак дарты менен ооруду деп абактан биротоло бошотулган.

2019-жылы январь айында Батукаевдин иши кайра карала баштаган. Аны негизсиз бошотууга катыштыгы бар кызмат адамдары жоопкерчиликке тартыла баштаган.

Бул иш боюнча бардыгы болуп, 19 киши шектелген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты