​Кыргызстандын футболчулары Мьянма командасын 7:0 эсебинде жеңди

  • 4 года мурун

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма командасын 7:0 эсебинде утуп, рекорд койду.

Биринчи таймда Эдгар Бернхард эки гол, Алимардон Шүкүров, Гүлжигит Алыкулов жана Валерий Кичин гол киргизди.

Экинчи таймда Алимардон Шүкүров менен Валерий Кичин дагы бирден гол киргизип, эсеп 7:0 болду.

10-октябрда Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы Катарда болчу футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында Мьянманын командасы менен беттешти.

Оюн 10-октябрда Бишкекте өттү.

Сүрөт: Кыргызстан футбол федерациясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты