Султан Жумагуловдун элесине арналган футбол турнири өтөт

  • 5 лет мурун

Мурдагы маданият министри, журналист Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир өтөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз жетекчиси Ибраим Нуракун уулу фейсбук баракчасына жазды.

“Агайдын дагы бир өзгөчөлүгү – сергек жашоо образы. Аптасына эки-үч жолу футбол ойночу. Бир командасында жалаң жаш журналист жигиттер. Топ тээп жүрүп эле ондогон журналисттердин башын бириктирип, агалык таалим-тарбия берип койгон. Биз ошол жөрөлгө унутта калбасын деп, КТРК, ЭлТР, “Азаттык”, Би-Би-Сиде чогуу иштеген кесиптештери жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы демилге кылып “Ынтымак” турнирин өткөрөлү деп чечтик» деди ал.

Турнир 12-октябрда саат 8:30да башталып, 14:00гө чейин жыйынтыкталат. Дареги Бишкек шаары Медеров көчөсү 1Б, (Алма-Ата көчөсү менен кесилишет) футбол федерациясынын оюн талаасы.

Султан Жумагулов 2019-жылдын 8-октябрына караган түнү катуу оорудан кийин каза тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты