​Абылгазиев: “Жерди өзүм билемдик менен басып алууда негизинен бийлик күнөөлүү болчу”

  • 5 лет мурун

Жерди өзүм билемдик менен басып алууда негизинен бийлик күнөөлү болчу, бирок маселени элге кам көрүү жолу менен чечиш керек.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Бишкек шаарынын ЖЭБ-2си менен таанышуу маалында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, бүгүнкү күндө негизги маселелердин бири бул курулушу 1986-жылы башталып, бирок аягына чыга элек ЖЭБ-2нин тагдыры. Андан бери көп убакыт өттү, бирок станция дагы деле ишке кире элек.

Премьер-министр 1986-жылы ЖЭБ-2ни куруу үчүн Сокулук районунан 136 гектар жер бөлүнгөнүң, 2005-жылы 27, 7 гектар жер өзүм билемдик менен басып алышканын айтты. Учурда бул жерге миңден ашык турак жай салынып калды.

«Биз оптималдуу чечим чыгарышыбыз керек. Бул өңдүү стратегиялык объект менен болгон мындай жагдайга, албетте, биринчи кезекте бийлик күнөөлүү» деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, энергетиктер бардык зарыл эсептөөлөрдү жүргүзүп, шаардык ЖЭБ-2нин ишин жандандыруунун оптималдуу жолун табып, инвестициялык долбоордун натыйжалуу моделин сунуштоолору керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты