Депутат Карамушкина Жээнбековдун кабыл алуусун өтүндү

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңеш депутаты Ирина Карамушкина парламент жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады жана анын кабыл алуусун өтүндү.

«Мен Сооронбай Жээнбековдун Президент катары кабыл алуусун өтүнөм»

«Ачык айтыңызчы, өлкөдө эмне болуп жатат. Сиз элди бириктиргиңиз келеби же кысым көрсөтүүнү каалайсызбы?» деп суроо салды Карамушкина.

Ал депутаттарга кайрылып, Алмазбек Атамбаевге ЖЭБ, Кой-Таштагы жер тилкеси депутаттардын макулдугу менен болуп келген деп айыптады.

«Алмазбек Атамбаев айыпталып жаткан ЖЭБ, көмүр, Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча карагыла, алардын баарынын негизи жок. Анан да мунун баары сиздердин, депутаттардын, макулдугу менен болбоду беле? Ал кезде спикер Асылбек Жээнбеков болгон эмес беле, ал эми Атамбаевдин досу Сооронбай Жээнбеков эмес беле? Ошол учурда эмнеге, ЖЭБ модернизациясы эч нерсеге жарабайт деп эмне айткан эмес элеңер? Анда сиздердин баарыңызар ошол окуялардын катышуучусуңар. Баарыңыздар жооп бересиздер» деп айтты Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси («Кишилерди барымтага алууга катышуу») боюнча шектелип жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Анын ичинде Бишкек шаардык ЖЭБ модернизациясы боюнча.

Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын абак жайында камакта болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты