«​Эйр Манас» Бишкек-Ош-Бишкек каттамдарын дагы жылдырды

  • 5 лет мурун

«Эйр Манас» авиакомпаниясы 2019-жылдын 10-октябрында аткарыла турган Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча 6 каттамды техникалык себептерден улам учуу убактысы жылдырды.

Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Калган каттамдар расписание боюнча аткарылат.

Токтотулган каттамдар:

193-каттам Бишкек-Ош, убактысы — 7:35
194-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 9:50
195-каттам Бишкек-Ош, убактысы 18:45
196-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 20:50
201- каттам Бишкек-Ош, убактысы — 23:00
202-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 01:00

Учуу убактысы боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө 0770781391 уюлдук телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Кечээ, 9-октябрда да «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдар техникалык себептерден улам учуу убактылары жылдырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты