​»Эйр Манастын» үч авиа каттамы убактылуу токтотулду

  • 5 лет мурун

Транспорт жана жолдор министрлиги 9- октябрда “Эйр Манас” авиакомпаниясынын Бишкек-Ош- Бишкек авиакаттамында техникалык себептерден улам 3 каттам убактылуу токтотулганын билдирди.

Буга байланыштуу билеттердим бшка күнгө алмаштырып же акчасын кайтарып алууга болорун кабарлады.

Министрликтин айтымында, авиакомпаниянын техникалык кызматкерлери тарабынан бузулуу себептерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат.

Токтотулган авиакаттамдын жүргүнчүлөрү билеттерин башка күнгѳ алмаштырып же акчаларын кайтарып алса болот.

Ал каттмалын каалаган жүргүнчүлөрүнө авиакомпания тарабынан мейманканадан орун берилет.

Башка авиакомпаниялардын ушул багыттагы каттамдары “Бишкек- Ош –Бишкек” ѳз убактыларында аткарылып жатат, тактап айтканда, “Тезжет” жана Авиатрафик учууларын кадимки режимде улантууда.

Бүгүн «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдар техникалык себептерден улам учуу убактысы жылдырылганын «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты