Партиялар парламенттик шайлоого даярдык көрө башташты

  • 4 года мурун

Жаңы саясий сезондун башталышы менен партиялар 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдана башташты.

«Республика – Ата Журт» фракциясы шайлоого азыркы курамында катышпайт.

2014-жылдагы парламенттик шайлоо алдында «Республика» менен «Ата Журт» партиялары биригип, Жогорку Кеңеште депутаттардын мандаты боюнча экинчи орунга ээ болгон. Бирок 2020-жылы алар шайлоого өз-өзүнчө барууну чечишти.

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, алар шайлоого камданып жатышат жана «Ата журт» «Республика» менен бирикпейт. .

– «Ата Журт» «Республика» менен бирикпейт жана 2010-жылдагы ийгиликти кайталайбыз деп ишенем. Өмүрбек Бабанов менен көптөн бери сүйлөшө элекмин, көрүшкөн да жокмун. Ал шайлоого барабы-жокпу, билбейм, – деди Ташиев.

Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.

Буга чейин «Кыргызстан» партиясы да 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышууга даяр экенин маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты