Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд Смит ишин баштады

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит өз ишин баштады.

Бул тууралуу ал өзү өкмөттүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин 8-октябрдагы жыйынында билдирди.

Робин Орд-Смит кыргыз өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аракеттерин колдой турганын айтып, жергиликтүү бизнес-коомчулук бизнести коргоодо жетиштүү тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

Мындан тышкары ал Улуу Британиянын жараны экенине карабастан, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.

Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чет өлкөлүк жаранды бизнес-акыйткачы кылып дайындоо — кыргыз экономикасына акча салууну каалаган инвесторлорго ишеним берерин белгиледи.

53 жаштагы Орд-Смит Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген.

Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам, бизнес-акыйкатчы болуп дайындалган.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-августта кол койгон.

Премьер-министр Абылгазиев 2018-жылдын 31-декабрында бизнес-акыйкатчы түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы экс-элчиси Робин Орд Смит Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп шайланган.

Бизнес-акыйкатчы институтун түзүүгө жана анын ишмердүүлүгүнө 1,5 миллион евро жумшалат. Каражатты Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы бөлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты