Кыз ала качуу тасмасынын таржымалы текшерилүүдө (Видео)

Таласта болгон деп айтылган кыз алуу качуу боюнча Интернетте тараган тасма текшерилүүдө.

Социалдык тармактарда тараган тасмада көшөгөнүн артында жаш кызды күч менен кармап жатышкандыгын көрүүгө болот. Тасмадагы кыз 16 жашта экени, аны 35 жаштагы жигит ала качып келгени жазылган.Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди. Азырынча издөөдөн натыйжа боло элек.

Жаңы Жазык кодексине ылайык, Кыргызстанда кыз ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды ала качкан киши 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

Бул видео социалдык тармактарда бир топ талкуу жаратты.

Соңку маалыматтарда аталган окуя Ноокатта болгон деп айтылуда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты