​Кыргызстандык Азизбек Ашуровго эл аралык Нансен сыйлыгы тапшырылды

  • 4 года мурун

Женева шаарында 7-октябрда Кыргызстандын жараны Азизбек Ашуровго — Нансен сыйлыгын ыйгаруу аземи болду.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аземде Нансен комитети Азизбек Ашуровдун ишмердүүлүгүн жана жарансыздыкты жок кылуу ишинде ал негиздеген «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери»- «Юристы Ферганской долины без границ» уюмун жогору баалады.

Мындай жыйынтыктарга жетишүү бул мамлекет менен жарандык коомдун ийгиликтүү кызматташуусунун үлгүсү болуп саналаарын белгиледи.

Нансен сыйлыгы — жыл сайын берилүүчү укук коргоочулук премиясы, ал качкындардын укугун коргоо жаатындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылат.

Бул сыйлык норвегиялык полярдык изилдөөчү, Качкындар боюнча улуттар лигасынын Башкы Комиссары, дуйнөлүк Нобел сыйлыгынын лауреаты Фритбоф Нансендин урматына аталган. Сыйлык 1954-жылы түзүлгөн. Нансен комитети түзүлүп, ал кандидаттарды тандоо иши менен алектене баштаган. Биринчи жолу Нансен сыйлыгы 1995-жылы тапшырылган.

Сүрөт: Маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты