Интеллигенция ойгонду!

Интеллигенция ойгонду!Бүгүн, мурдагы өкмөт башчы, министрлерден тартып илимпоздорго чейин, эмгек сиңирген ишмерлерден ар тармактын ардактуу адистерине чейин өз алдынча комитет түзүп, алдыдагы чоң жарышта Темир Сариевди сүрөшөөрүн билдиришти. Карасак, кыргызга таанымал Накен Касиев, Турсунбек Чыңгышев, Ишенгүл Болжурова, Карыпбек Алымкулов, Радбек Ешмамбетов, Кемелбек Ашыралиев баштаган аксакалдар Шамшыбек Медетбеков, Аликбек Жекшенкулов сыяктуу кыргыз саясатынын кыйындары ушул комитетт экен. Азырынча, шайлоонун ачык, таза жана калыс өтөөрүнө аксакалдык көзөмөл салып, аттангандардын ичинен Президенттикке татыктуу катары Темир Сариевди тандап жатышкандардын тизмеси жүздөн ашуун адамды түзүп калыптыр. Албетте, интеллигенциянын ийинге башын катпай, идиректүүлөрүнүн иргелип акты ак караны кара, татыктууну татыктуу деп чыкканы жакшы да. Анан да арасында айтылып жүрчү “дүжүр чал” дечүлөр көрүнбөйт. Демек, булардын таасири астында караламан журттун калың тобу Темике тарап болору окшоп калды…

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты