Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктады

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда, Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты»деп айтылат куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Айта кетсек, бүгүн Владимир Путин 67 жашка чыкты. Ал 1952-жылы 7-октябрда Ленинград шаарында туулган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты