​Эмомали Рахмон 67 жашка чыкты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 5-октябрда, Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны туулган күнү менен куттуктады.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылар ошондой эле кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаганы айтылды. .

Айта кетсек, Эмомали Рахмон бүгүн 67 жашка чыкты. Ал 1952-жылы 5-октябрда Тажикстандын Дангарин районунда туулган. Алгачкы билимди кесипчилик-техникалык окуу жайынан алып, эмгек жолун Коргон-Төбөдө май заводунда электрик болуп иштөөдөн баштаган.

Тажик мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты