​Япониянын Кыргызстандагы жаңы элчиси ишке киришти

  • 4 года мурун

Кечээ, 4-октябрда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Сигэки Маэдадан ишеним грамотанын көчүрмөсүн алды.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти билдирди.

Министр Сигэки Маэданы Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктады жана анын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Тараптар өз ара мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, экономикалык кызматташтыкты талкуулады.

Сүрөт: маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты