​Украинада «Ан 12» учагы кырсыктап, беш киши каза тапты

  • 5 лет мурун

Украинада Львов аэропортуна жакын жерде «Ан-12» учагы коноордо кырсыктап, ичиндеги жети кишинин бешөө каза тапты.

Бул тууралуу ЖМКга Украина инфраструктура министри Владислав Криклий билдирди.

Учак Испаниянын Виго шаарынан Стамбулга учуп баратып, Львовдон учакка май толтуруп кетмек.

Бүгун, 4-октябрда, саат 7:10 до учак Львовдогу эл аралык аэропортко коноордо кабарсыз кеткен. 7:29 да экипаждын мүчөсүңун бири учак кырсыктап конгонун билдирген. 7:46 да учакты конуу тилкесинен бир жарым чакырым жерден табышкан.

Анда 10 тонна жүк болгону айтылды. Бирок ал кандай жүк экени ачыкталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты