​Абылгазиев: «Мугалимдик кесип бул өзгөчө искусство»

  • 4 года мурун

Мугалимдик кесип бул өзүнө талант, чыгармачылык жана эргүүнү камтыган өзгөчө искусство.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бүгүн технологиялардын кылымында дүйнө ыкчамдык менен өзгөрүп жана өнүгүүдө.

«Муну менен бирге билим берүү ыкмалары жана мамилелери өзгөрүп жатат. Мугалимдерибиз дагы замандан артта калышкан жок» деди ал.

Премьер-министр Ысак Бекбоев, Мукаш Базаркулов, Аман Сманбаев, Бектур Исаков, Антонина Зырянова, Семила Абдрахманова, Татьяна Першина билим берүүнү өнүктүрүүгө зор салым кошкон мугалимдерди атап өттү.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты