​Билим берүү тармагынын 400 кызматкерине көз операциясы акысыз жасалат

  • 4 года мурун

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана “Дордой офтальмик-сервис” көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов келишимге кол койду.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, өлкөдөгү билим берүү мекемесинин 400 кызматкерине көз катарактасын алуу жана башка көз дартынан арылуу үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операция акысыз жасалат.

Билим берүү кызматкерлеринин көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты