​Мамлекет башчы мугалимдерди куттуктады

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун агартуу тармагынын кызматкерлеринин куттуктоосун бүгүн, 4-октябрда, Президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада окуду.

«Биз билимдүү, демилгелүү жана өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүүгө умтулабыз. Мындай ийгиликтерге жетүүдө тарбиячынын, мугалимдин, бардык деңгээлдеги кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын эмгеги зор» деп айтылат куттуктоодо.

Агартуу тармагынын кызматкерлеринин майрамы октябрдын биринчи жекшембисинде майрамдалат. Быйыл ал күн 6-октябрга туура келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты