​»Манас” аэропорту мектепке 500 дөн ашык китеп тартуулады

  • 4 года мурун

“Манас” эл аралык аэропорту Ош шаарындагы азиз жана начар көргөн атайын мектеп-интернат окуучуларына 500 дөн ашык китеп тартуулады.

Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз жана орус тилдериндеги 1-11-класстар үчүн 52 түр китеп мектеп-интернат директору Айгүл Кудайкулова менен бирге тандалган.

Эл аралык аэропорттун башкармалыгынын төрагасы Мурат Примбердиев балдарга билим берүү өлкөнун артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты