Түркмөнстанда дрону бар жарандарга айыппул салынууда

  • 5 лет мурун

Түркмөнстандын Лебап облусунда укук коргоо органдары дрону бар жарандарды суракка алып, аларга айыппул салууда.

Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди:

-Укук коргоо органдарынын кызматкерлери дрону бар жарандарды суракка чакырып, айрым учурларда аларга кылмыш ишин козгоп жатышат.

Жакында эле Түркмөнабад шаарында үлпөп тойлорду тарткан бир студиянын ээсин чакырып, мамлекеттик коопсуздукка чоң коркунуч жараткан адам катары суракка алышты. Андан дронду кандай максаттарда колдонорун, дагы кимде дрон бар экенин жана аларды өлкөгө ким алып келе тургандыгын сурашты.

Кабарчынын айтымында, өлкөгө аралыктан башкарыла турган учуучу аппараттарды алып кирүүгө тыюу салынган.

— Дрон ачык сатылбайт. Учурда дрон ээлерине 1000-3000 манат (расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар) өлчөмүндө айып пул салынууда. Аларга эгер дагы бир жолу кармалса, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертишүүдө.

Аты-жөнүн айткысы келбеген полиция кызматкери дронго каршы күрөштүн башталышына бир нече себеп бар экенин билдирди.

— Учурда түркмөн бийлиги кимдир бирөө азык-түлүк дүкөндөрүнүн алдындагы кезек күткөн адамдарды сүрөткө же видеого тартып алышы мүмкүн деп тынчсызданууда.

Түркмөнстанда акыркы жылдары азык-түлүккө, анын ичинде ун, нан, кум шекер жана өсүмдүк майына кезек күткөн жарандар көп болуп жатканы айтылып келет. Аларга укук коргоо органдары көз салып, кезек күткөндөрдү сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салганы кабарланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты