Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатууну сунуш кылды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатыкка коюу жөнүндө демилге көтөрүп чыкты.

Ушундай видеокайрылууну ал 1-октябрда интернетке чыгарып, сунушту премьер-министрге жазуу түрүндө жибере турганын айтты.

«Акыркы кездери баарыбыз байкагандай, «Азаттык» журналисттик иликтөө жарыяласа, ошол эле аренага биздин «Бешинчи канал» чыгат. «Бешинчи канал» — мамлекеттик канал. Мамлекеттик канал эркин басма сөздү сындабашы керек.

Себеби, бул сын мамлекеттин атынан айтылып жаткандай түр калтырат. Мен бизге бул каналдын кереги жок деп эсептейм. Биз ага бир тыйын да бөлбөйбүз. Биз аны сатууга тийишпиз. Мен эртең эле премьер-министрге ушул сунуш менен кат жазып, «Бешинчи каналды» сатыкка коюшун айтам» деди Бекешев.

«Бешинчи канал» 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны кийинчерээк апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган жана аны Оксана Малеваная башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген.

2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты