​Ашууда калган словакиялык турист куткарылды

  • 5 лет мурун

Калмак-Ашуу ашуусунда калып калган туристке куткаруучулар жардам көрсөттү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облусунун Кочкор районунда 2-октябрда Төлөк айыл аймагынын Соң-Көл көлүнө баруучу Калмак-Ашуу ашуусунда Словакия мамлекетинен келген 29 жаштагы турист Марош Секельский мотоцикл менен кар күрткүдөн чыга албай калып калган.

Куткаруучулар туристти аман-эсен Кочкор айылына алып келишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты