​Депутат Бакиров Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго да батир берүүнү өтүндү

  • 4 года мурун

Бүгүн, 3-октябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Мирлан Бакиров дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго да көңүл бурулуп, батир берилсе деген оюн билдирди.

— Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпиону болушунун аркасында, албетте, эбегейсиз мээнет, колдоо турат. Айсулуунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков өзү белгиленгендей, бул 10 жылдык мээнеттин үзүрү. Күлүкту саяпкер таптайт.

Айсулуу Тыныбековага Президент үч бөлмөлүү батир берди. Эми эстафетаны өкмөт албайбы? Бир бөлмөлүу болобу, батир берилсе, ага чоң колдоо болот. Алдыдагы Токио олипмпиалдасына үмүт, колдоо болот” деди депутат Мирлан Бакиров.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан 20-сентябрда аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Тыныбекова 62 килограмм салмакта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди 5:3 эсебинде жеңип алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрда Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүу батирдин сертификатын тапшырган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты