​Тараздын борбордук аянтына Назарбаевдин ысымы берилди

  • 4 года мурун

Тараз шаарындагы борбордук аянтка Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Быйыл март айында президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган Назарбаевдин урматына өлкөнүн баш калаасы Нур-Султан деп өзгөртүлгөн.

Казакстанда Назарбаевдин ысымы борбордогу аэропортко жана бир катар шаарлардын көчөлөрүнө берилген. Нур-Султан шаарында Назарбаев Университети бар. Мындан тышкары бир нече шаарда анын эстеликтери тургузулуп, ага арналган музейлер ачылган.

Нурсултан Назарбаев бийликке 1991-жылы келип, өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты