​Абылгазиев «Центерра» менен сүйлөшүүдө өкмөт стратегиялык келишимди күчүнө киргизгенин билдирди

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Абылгазиев Кумтөр кенине барган учурда «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдө “Кумтөр” кенинин эксплуатациялык мөөнөтүн узартуу маселесинен тышкары Кыргыз Республикасына дивиденддерди төлөө маселеси тууралуу дагы сөз кылды.

Анын айтымында, «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри жакынкы арада директорлор кеңешинин кароосуна бул маселени киргизүүнү жана аны чечүүнү убада кылды.

Мындан тышкары тараптар эсебинде 40 миллионго жакын АКШ доллары бар рекультивациялык фондго байланыштуу маселени дагы талкуулады.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтү бул каражатты насыяга берүү үчүн мындан ары колдонуу максатында өлкөдөгү банктарга салуу сунушун киргизди жана каражаттардын кайтырылышына кепилдик берүүгө даяр. Бүгүнкү күндө бизде аймактарды өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнеске, айыл чарбага насыяга берүү үчүн каражат жетишсиз болууда” деди Абылгазиев.

Премьер-министр өкмөт өлкө үчүн пайдалуу болгон стратегиялык келишимди күчүнө киргизүүгө жетишкенин белгиледи. Ага ылайык, экологиялык төлөмдөрдүн көлөмү көбөйдү, аймактарды өнүктүрүүгө жана жаратылышты сактоого багытталган фонддор түзүлдү.

Кумтөр кениндеги концессиялык аянт тууралуу сөз кылган Мухаммедкалый Абылгазиев, учурда компания 2009-жылдагы келишимдин негизинде берилген кошумча аянтка ээлик кылууда, мындан башка кошумча территория дагы кошулган жок, Сарычат-Эрташ мамлекетик коругунан да жер берилген жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты