Россиялык алып баруучу Андрей Малахов кыргызстандыктардан кечирим сурады (Видео)


«Россия 1» телеканалынын «Прямой эфир» берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов кыргызстандык телекөрүүчүлөрдөн кечирим сурады.

«Кечирип коюңуздар!» деди кыргыз тилинде Андрей Малахов.

Алып баруучу Андрей Малахов «Россия 1» телеканалынын 24-сентябрдагы «Прямой эфир» телеберүүсүндө, Москвада такси айдап иштеп жүрүп жол кырсыгына кабылган 23 жаштагы Исламбек Акбаровдун аракеттерине баа берип, алдын-ала аны кылмыш кылды дегендей пикирин билдирген.

Орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун жана анын мурдагы жубайы Татьяна Маругованын уулу Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатканда автоунаасы менен алдынан чыга калып, жол кырсыгына себепкер болгон. Кагылышуудан улам орус жараны Александр Маругов катуу жаракат алып, мерт болгон.

Андан улам кыргызстандык көрүүчүлөр бул айткандары үчүн Малаховдун кечирим сурашын талап кылышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты