Чек ара боюнча митингге чыккан Урмат Жаңыбаев үй-бүлөсүн ачык коркутуп жатышканын билдирди

  • 4 года мурун

Чек ара боюнча жакында митингге чыккандардын бири Урмат Жаңыбаев кызы барган балдар бакчасына жана апасынын үйүнө милиция кызматкерлери барып, маалымат сурап жүргөнүн фейсбук баракчасына жазды.

“Өткөн жумада үч жашар кызым барган балдар бакчасына милиция кызматкерлери кызым жана биз тууралуу маалымат сураптыр. Балдар бакчасынын администрациясына рахмат, бул маалыматтар конфиденциялдуу деп маалымат берүүдөн баш тартышыптыр.

Менин апам жашаган үйдүн үй комитетинен милиция кызматкелери апам тууралуу маалымат сурашканын жазган эмесмин.

Апам жашаган үйгө милиция кызматкерлери барып, кайсы бир алдамчыны издемиш болуп, батирде кимдер жашайт, кимдер катталган деп сураштырган. Ал эми кызым барган балдар бакчасына барып, маалымат сурай башташканда, сабырым сууду. Бул окуяны мен үй-бүлөмдү ачык коркутуу деп баалайм” деди Урмат Жаңыбаев.

Балдар бакчасына Тойота-Виндом машинасы (номери 7515 менен AL или AU) менен барышканын билдирип, тааныгандардан унаа ээсин аныктап берүүнү өтүндү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты