​ӨКМ: “Бишкекте эртең сирена үнү жаңырат”

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын калктуу конуштарында эртең, 2-октябрда, саат 11:00 тартып калкты кабарлоо системасы аркылуу сирена үндөрү жаңырат.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандык коргонуу даярдыгына ылайык, Бишкек шаарында командалык-штабдык машыгуу өткөрүлөт.

Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын тургундарына сиренанын үнүнө тынчсызданбоону эскертет.
Иш-чаранын негизги максаты- калкты өзгөчө кырдаалдардан сактоо, ар кандай кырдаалга даяр болуу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты