​Раим Матраимовдун спорттук курткасы 4760 доллар турабы?

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси, “Раим миллион” каймана аты бар Райимбек Матраимовдун интернет барактарында аз эле сандагы сүрөтү бар.

Алардын бири Матраимовдор атасынын атындагы “Исмаил ата” фондунун атынан өткөргөн спорттук турнирдеги сүрөтү.

Бул сүрөтүндөгү кийген спорттук курткасы (бомберу) дүйнөлүк белгилүү бренд Стефано Риччинин коллекциясындагы бомберго куюп койгондой окшош экенин байкадык. Бул шилтемени басып көрсөңүз болот.


Эгерде Раимбек Матраимов бул бренддин кийимин сатып алганы чын болсо (ред.: ал репликасын-жасалмасын кийбейт болуш керек) анда анын бомберу 4760 доллар турат. Сом менен эсептегенде 332 миң 248 сом болот экен.

Бүгүнкү күндө мугалимдин орточо айлыгы 10 миң сом, орточо пенсия 5 миң сом деп эсептелип келет. Бул маалымат менен салыштырып көрө турган болсок, Раим Матраимовдун бир бомберунун баасы мугалимдин 3 жылдык айлыгы, пенсионердин 6 жылдык пенсиясы болуп калат экен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты