​“ПолитКлиника” медиасы: “Азаттыктын” журналисттеринин техникасынын тартып алынышын кескин сынга алабыз

  • 4 года мурун

Биз, “ПолитКлиника” медиасынын жамааты, “Азаттык” медиасынын журналисттерине күч колдонулуп, техникаларынын тартылып алынышын тынчсыздануу менен кабыл алганыбызды билдиребиз жана бул жорукту кескин сынга алабыз.

Демократиялык мамлекетте мындай окуялардын орун алып жатканын сөз эркиндигине болгон кысым катары баалайбыз.

Тилекке каршы, айрым журналист кесиптештерибиз социалдык тармактар аркылуу кайсы бир саясий топко ачык эле жан тартып жатканы көрүнүп турат. Бул кесиптештерибизди кимдир бирөөгө же саясий топторго курал болбой, журналисттик миссиябызды так аткарууга чакырып кетебиз.

Журналисттерге күч колдонулуп, сөз эркиндигине басым жасалып жаткан учурда баарыбыз тилектеш болушубуз керек. Бүгүн “Азаттыкка” кысым жасалып жатса, эртең дагы башка медиага же журналистке кысым жасалышы мүмкүн.

Ошондуктан, баарыбыз бир муштумга биригип, укук коргоо органдарынан бул иштин аягына чейин адилеттүү иликтенишин, тиешелүү тараптар жоопкерчиликке тартылышын талап кылалы!

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты