Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо улантылат
- 5 лет мурун
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо бүгүн, 1-октябрда улантылат.
Иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралат.
Бул тууралуу жактоочулар билдирди.
12-сентябрда ишти кайра кароо боюнча биринчи отурумга күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу сот 1-октябрга жылдырылган.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин 29-августта, Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.
Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Сүрөт: Интернет булактарынан.