Өкмөт башчы мекендештерди карылар күнү менен куттуктады

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди эл аралык карылар күнү менен куттуктады

“Аксакалдарды урматтоо жана сыйлоо кыргыз элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Кыргыз элинде «Карысы бардын – ырысы бар» деген макал бар. Карыларыбыз – бул биздин «алтын фондубуз», акылмандык менен үзүрлүү эмгектин символу.

Сиздер согуштан кийин өлкөнүн экономикасын көтөрүү милдетин моюнга алып, республикабыздын экономикасын, өндүрүшүн, илимий-техникалык жана маданий дараметин өнгүктүрүү үчүн болгон күч-аракетиңиздерди жумшадыңыздар. Биз сиздердин алдыңыздарда карыздарбыз.

Бүгүнкү күндө көпчүлүгүңүздөр жашыңар жетип калганына карабастан, өндүрүштө жана коомдук иштерде иштөөнү улантып, жигердүү жашап жатасыздар. Сиздер өсүп келе жаткан муунга жоомарттык жана максатка умтулуунун үлгүсү боло аласыздар.

Сиздердин жетишкен ийгиликтериңер жана ишенимиңер жаштар үчүн Мекенге кызмат кылуу, патриоттулук жана каармандыктын үлгүсү болуп калды.

Урматтуу ардагерлер, пенсионерлер жана улуу муундун өкүлдөрү!

Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм жана чың ден соолук, тынчтык, узак өмүр жана жегирдүү жашоо

каалайм,-деди өкмөт башчы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты