​Жээнбеков Ереванда экономикалык кеңеш жыйынына катышат

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрь – 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, ЖЕЭК жыйындары адаттагыдай чакан жана кеңири курамда өтөт.

«Бул саммиттин өзгөчөлүгү – анын алкагында Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү дагы катыша турган “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” эл аралык форумун уюштуруу пландалууда” деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты