БУУ башкы ассамблеясы: Чыңгыз Айдарбековдун сөзү (Видео)

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы ассамблеясынын 74-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын саясий турмушу, парламенттик демократия, коррупцияга каршы күрөш, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана Кыргызстандын көйгөйү жана жасап жаткан иштери тууралуу баяндама жасады.

Кыргызстан тоолуу, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкө экендигин, таза суу, чек ара, мындагы уран көйгөйү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жалпы көйгөйлөру тууралуу билдирди.

Чыңгыз Айдарбеков- Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири Иманалы Айдарбековдун небереси. 2016-жылы Япониядагы элчиликте иштеп келген. Ага чейин Жогорку Кеңеште бөлүм башчы болгон. 2018-жылдын 17- октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалган. Ал 42 жашта.

Чыңгыз Айдарбековдун атасы Азамат илимдин доктору, Россиядагы Блохин атындагы Россия онкология борборун жетектеп келген.

Сүрөт жана видео интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты