​Мугалимдердин айлыгын көбөйтүү боюнча токтомго кол коюлду

  • 4 года мурун

Бүгүн, 30-сентябрда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү боюнча токтомго кол койду.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Токтомго ылайык, жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү мекемелеринин жана билим берүү мекемелеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын базалык бөлүгү 30 пайызга көбөйтүлөт.

“Бул каражатты табуу кыйынчылык туудурса да, биз аны таптык. Жыл аягына чейин бул 1,7 млрд сомду, ал эми кийинки жылы 7 млрд сомду талап кылат” деди премьер-министр.

Билим берүү тармагынын 120 миң кызматкеринин айлык акысы көбөйтүлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты