​Россияда балкондо тамеки тартууга тыюу салынат

  • 4 года мурун

1-октябрдан тартып Орусияда балкондо тамеки чегүүгө тыюу салынат.

Тиешелүү өзгөртүүлөр өлкөдөгү өрттүн алдын алуу эрежелерине киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигининен билдиришкендей, мындан тышкары балкондордо шишкебек бышырууга жана шам жагууга дагы тыюу салынат.

Бул эрежени бузган жеке тарапка үч миң рубль айып пул каралган. Эгер жаран өрттүн себепкери болсо, айып пул өлчөмү беш миң рублге чейин жогорулайт.

Россия ӨКМ маалыматына ылайык, өлкөдөгү жалпы өрттүн 60 пайызына балкондо тамеки чегүү себеп болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты