​Оор шартта жашаган балдардын маалымат базасы түзүлүүдө

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова оор жашоо шартта жашаган балдардын маалымат базасына мониторинг жүргүздү.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Бул долбоор Чүй облусунун үч районунда жана Бишкек шаарынын эки районунда сыноо түрүндө ишке ашырылууда.

Маалымат базасы жашоо шарты оор балдарды, аларга көмөк көрсөтүү чараларын шарттайт.

Бардык маалымат бирдиктүү базага түшөт. Маалыматтарды милиция кызматкерлери, билим берүү жана илим министрлиги, эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, чек ара кызматы жана жаза аткаруу кызматы ала алат.

Ар бир мекеме бала кандай жардамга муктаж экендигин дароо аныктайт.

Бул ишке 950 социалдык кызматкер тартылууда. Алар , оор жашоо шартта жашаган балдарды аныктап, алардын шарттары менен таанышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты