Премьер-министр cаламаттык сактоо тармагын реформалоого чакырды

  • 5 лет мурун

Саламаттык сактоо тармагын элдин нааразычылыгын жойгудай кылып реформалаш керек. Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн отурумунда министр Космосбек Чолпонбаевге кайрылды.

«Сизден реформаларды күтөбүз. Эл билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына нааразы. Азыр акысыз дарылангандар бар бекен, элден сурап көргүлөчү? Бардыгы акча төлөшөт. Бирок ал акча бюджетке түшпөй жатат. Мындай механизмдердин бардыгын ачыкка чыгарыш керек» деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Абылгазиев саламаттык сактоо тармагына миллиарддаган сом бөлүнүп жатканын белгилеп, системанын чыгымдарын оптималдаштыруу керек экенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты