Кыргыз-казак чек арасындагы мыйзам бузуулар аныкталды

  • 5 лет мурун

Салык кызматы кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрмө пункттарына жакын жердеги транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттарынан авто унаа, күйүүчү май, курулуш материалдарын ж.б. товарларды ташып кирүүдөгү мыйзам бузуу фактыларын аныктады.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

“Чоң-Капка авто жолу” көзөмөл өткөрмө пунктунан 375 матрас тибиндеги габион буюмун, 1 тонна зым (ASTM А641), 3000 чарчы метр геотекстиль ташып кирүү фактысы аныкталды.

Жүктүн жалпы наркы 1,7 млн сомду түзөт. Жүк ташуучулардын коштоочу кагаздары болгон эмес.

Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунан 190 миң сом суммасында 21,7 тонна пияз, шып плинтусунун 6200 узундукту өлчөөчү метри, 3,6 млн сомго 111,7 миң чарчы метр ламинат пленкасын алып келе жаткан унаалар кармалган. Импорттоочуларда товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы болгон эмес.

Ошол эле жерден ташып кирүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтерди толтурбастан 4 авто унааны өткөрүүгө аракет кылышкан. Белгилей кетсек, жаран жеке колдонуу үчүн бир гана машинаны алып келүүгө укуктуу, калгандары үчүн тиешелүү документтерди толтуруусу жана салык төлөөсү керек.

Тиешелүү коштоочу документтери жок 1,5 тонна күйүүчү май (солярка), канистрлер менен 950 литр бензинди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан.

“Ак-Тилек авто жолу” көзөмөл -өткөрмө пунктунан айдоочулары 20 тоннадан ашуун курулуш материалын алып келишкен жана 20 тонна санитардык-техникалык жабдууларын алып келишкен авто унаалар кармалган. Импорттоочулардын колунда товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын мөөнөтү өткөн маалымкаты болгон.

Мыйзам бузуу материалдары андан ары тиешелүү иш-чараларды өткөрүү үчүн экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү тобуна өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты