​Абылгазиев: «Парламенттик шайлоого 1,2 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнөт»

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-сентябрдагы, өкмөттүн кезектеги жыйынында келерки парламенттин шайлоолорго кошумча 1, 2 млрд сом кошумча бөлүнөрүн белгиледи.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, 2020-жылы бардык чыгашаларды (түз мамлекеттик инвестицияны кошпогондо) ички булактардан келип түшкөн кирешенин эсебинен жабуу пландалууда. Тагыраагы, салыктык жана салыктан тышкары каражаттын эсебинен. Тышкы карыздар жана гранттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

«Биз бюджеттин долбоорунда бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин айлык акы фондун 10,7 млрд сомго көбөйтүүнү пландап жатабыз. Мугалимдердин айлык акысын жогорулатууга байланыштуу эле келерки жылы кошумча 7 млрд сом, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине – 2,3 млрд сом талап кылынат.

Ошондой эле мамлекет кийинки жылга пландалган ири иш-чараларга, анын ичинде парламенттик шайлоого байланыштуу мыйзам чегинде 1,2 млрд сомдон ашуун кошумча каражат бөлөт» деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты