Кой -Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссияга тургундар курч талаптарды коюшту (Видео)

  • 5 лет мурун

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча комиссиянын мүчөлөрү Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында кечээ, 26-сентябрда, көчмө жыйын өткөрүштү.

Жыйынга Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш жана башка жакынкы айылдардын тургундары катышты.

Жолугушуунун катышуучулары 7-8-августта болуп өткөн окуялар тууралуу өтө эмоционалдуу сөз айтып, жолугушууну кызытты. Алар мамлекеттик комиссиядан калып, адилет иликтөөнү, күч структуралары күбөлөрдү коркутканын токтотууну билдиришти (Видео).

Мамкомиссиянын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов жашоочулар тарабынан айтылган тынчсызданууларды түшүнө турганын белгиледи.

«Мамкомиссия бул окуянын жагдайларын аныктоо максатында бардык кызыкдар тараптарды угуп жатат. Комиссия объективдүү иштөөдө, тийиштүү корутунду дагы берилет» деди эл өкүлү.

Комиссиянын кийинки жыйыны 1-октябрда өтөт. Анда саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулат.

Сүрөттө: Кой-Таштагы окуядан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты