ИИМ Оштогу атышууну териштирүүдө

  • 5 лет мурун

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Оштогу атышуу окуясы боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгы айтылды.

Кылмыш кодексинин “Денеге оор залал келтирүү” беренеси боюнча иш козголуп, күбөлөр суралып жатканы кабарланды.

22-сентябрда кечке маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран октон жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн.

Окуя байланыштуу Ош мэриясынын спорт башкармалыгынын башчысы Кылыч Саркарбаевдин да аты аталган. Анын талапкерлери бул маалыматты четке кагууда.

Төлөгөн Рахманберди уулу 25-сентябрда Оштогу жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп, өзүн-өзү атып алганын айтып берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты