Кытай Бухарага жел электр станциясын курат

  • 5 лет мурун

22-сентябрда Бухара облусунун Гиждуван аймагында жел электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, долбоордун жалпы наркы – 1,8 миллиард доллар, кубаттуулугу 1,5 миң МВт. Долбоор үч айлампадан турат.

Өзбекстан 2017-жылы орду толукталып турчу энергия булактары тууралуу программа кабыл алган.

2018-жылы Өзбекстан Орусия менен атомдук электр станциясын салуу боюнча келишим түзгөн. Расмий Ташкент АЭС Казакстан менен чек арага жакын Тузкан көлүнүн жанына салынышы мүмкүн экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты