​Жээнбеков: “ 2024-жылга чейин таза суу маселеси толук чечилет”

  • 5 лет мурун

Президент бүгүн, 26-сентябрда, Жети-Өгүз районундагы Ичке-Булуң айылынын суу өткөрүү системасы менен камсыздоочу суу топтоочу жайдын курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев жана АРИС директору Бекжан Супаналиев мамлекет башчысына айылдын суу тармагын туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында учурдагы таза суу боюнча долбоорлор тууралуу маалымат беришти.

Мамлекет башчы аталган маселени чечүү анын президенттик ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

Аскарбек Токтошев Ичке-Булуң айылындагы суу топтоочу жайдын курулушун 2020-жылы бүтүрүү пландалып жаткандыгын белгиледи.

Бул үчүн 30 млн сом акча каражаты каралган.

АРИС жалпысынан 2024-жылга чейин 653 айылдын 117синде таза суу боюнча долбоорду ишке ашырууну көздөөдө.

Сооронбай Жээнбеков ичүүчү суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү жана куруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилерин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты