Абылгазиев: «Интеграцияга бир гана жол бар бул эркин рынок»

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Евразия жумалыгы» IV эл аралык форумдун ачылыш салтанатына катышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен бирге Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө барды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн ЕАЭБ – дүйнөлүк экономикада маанилүү роль ойногон мамлекеттер аралык өзгөчө орган болуп саналат. Анын айтымында, кыргыз товарларынын 80% коштоочу документтердин топтому болгон шартта ЕАЭБ рынокторуна эркин келип түшөт.

Өкмөт башчы Кыргызстандын кайра иштетүү жана айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу чөйрөсү ири инвестициялык артыкчылыктарга ээ экенин белгиледи.

Ал Кыргызстанда иштеп жаткан кыргыз-орус биргелешкен 688 ишкананы мисал келтирди. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргызстандын жер казынасын пайдалануу жана энергетика тутуму инвесторлордун кызыгуусун жараткан тармактардын бири. Мисалы, Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык дарамети 142 млрд. киловатт-саатты түзөт, анын болгону бүгүнкү күндө 10% гана өздөштүрүлдү.

«Жакшы жактары менен катар эле, баарыңар иш жүзүндө билген ЕАЭБдин маселелерине токтолгум келет. Биз бул маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

Бул ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар. 2016-жылдан ушул күнгө чейин тоскоолдуктардын саны 279дан 18ге чейин кыскарганына карабастан, тоскоолдуктардын деңгээли дагы эле товарды эркин жүгүртүүгө жана тейлөөгө терс таасирин тийгизип жатат. Мен ушул жерден – өзүбүздүн ички рынокту коргоо менен, биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн глобалдуу ойлонуу керектигин өзгөчө белгилегим келет. Интеграциянын бир гана жолу бар бул эркин рынок»деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты