​Жол эреже бузууларынын кайсы түрүнө айыпты төмөндөтүү каралууда?

  • 5 лет мурун

Өкмөтү жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынуучу айыптын көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Буга чейин Ички иштер министрлиги «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбооруна ылайык, бузуулардын 8 түрү боюнча айыппулдар категорияларын азайтуу сунушталууда:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу;

— автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;

— каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты